# 114-1-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторинги жана аларга баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 114-1-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114-1

---

1. Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдоо жүргүзүү максатында алардын тармагына таандык кылынган кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин мониторингин жана аларга баа берүүнү жыл сайын жүргүзөт.

2. Кабыл алынган мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторингин жана алардын натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзүү максатында комитеттер мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, башка уюмдардан маалымат суратып алууга укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартышы мүмкүн.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына отчеттон кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен жарыяланат. (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-115)
