# 113-берене. Мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин чечимдери бузулган учурларда комитеттер тарабынан чечимдердин кабыл алынышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 113-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-113

---

1. Комитеттер мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгондой бузууларды тапканда, аларды четтетүү жөнүндө чечимдерди чыгарышат.

2. Чечимде бузулган жобо, табылган бузуулардын мүнөзү, аларды четтетүү боюнча сунуштар көрсөтүлөт. Ушул маселелер боюнча комитеттин чечими Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык Кеңешке жөнөтүлөт.

3. Комитеттин чечими жана тартип бузууга жол берген кызмат адамынын жүйөлөнгөн жообу Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жатат.

4. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин турмушка ашырылышын контролдоо мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин бийликти бөлүштүрүү принцибине ылайык өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен комитеттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114)
