# 112-берене. Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 112-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-112

---

1. Жогорку Кеңеш Төрагага, анын орун басарларына, комитеттерге, комиссияларга, Аппараттын Жетекчисине тапшырма берүүгө укуктуу. Тапшырмалар жыйналышта төрагалык кылуучунун, фракциялардын же депутаттардын сунуштары боюнча аларды кызыктырган маселе боюнча кошумча маалыматтарды алдыруу же болбосо каралып жаткан маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында берилет.

2. Тапшырманын жазуу жүзүндө киргизилген жана демилгечи тарабынан кол коюлган тексти, ал же төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат.

3. Каршы пикирлер болгондо, тапшырма берүү жөнүндө сунуш добушка коюлат. Чечим добуш берүүгө катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кабыл алынган тапшырмалар жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Протоколдук тапшырма бир сутканын ичинде Аппарат тарабынан аткаруучуга жөнөтүлөт, ал тапшырма алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен же Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген башка мөөнөттө, төрагалык кылуучуга же тапшырманын демилгечисине аны аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалымдайт. Төрагалык кылуучу бул маалыматты кезектеги жыйналышта Жогорку Кеңешке маалымдайт.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-113)
