# 111-берене. Депутаттык суроо-талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263809..1263810>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 111-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-111

---

1. Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, бийликтин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.

2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.

3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы, бир айлык мөөнөттө, жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.

5. Депутаттардын аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Жогорку Кеңештин жыйналышы учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана Аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана Аппарат тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-112)
