# 11-берене. Фракциянын жетекчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 11-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-11

---

1. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.

2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары;

1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;

2) фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;

3) фракциянын чечимдерине кол коет;

4) ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;

5) фракциянын чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмдөрүнө талапкерлерди сунуш кылат;

6) фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

7) фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;

8) фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт;

9) Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

10) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;

11) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;

12) фракциянын катчылыгына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

13) фракциянын жобосуна ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Фракциянын лидери Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундарын бир учурда ээлей албайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-12)
