# 107-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 107-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-107

---

1. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия бир гана конкреттүү маселени (бир ишти, бир адамдын аракеттерин) териштирүү же иликтөө үчүн түзүлөт жана маселени иликтөө аяктагандан кийин таратылат.

2. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия фракциянын лидерлеринин жазуу жүзүндөгү сунуштамасы боюнча пропорциялык катышта фракциялардын депутаттарынын ичинен түзүлөт.

3. Комиссиянын тизмелик курамы парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынган күндөн тартып 7 жумушчу күндөн кечиктирилбестен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңештин токтому аркылуу бекитилет.

4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары бекитилген комиссиянын курамынан катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.

5. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия, ушул беренеде белгиленген ченемдерден тышкары, убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте түзүлөт.

6. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия Жогорку Кеңештин алдында отчет берет жана Жогорку Кеңештин алдында гана жооптуу болуп эсептелет.

Жогорку Кеңеш аралык отчет берүүнүн мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө 4 айдан ашык эмес убакыт калса, парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.

8. Бир эле маселе боюнча эки же андан көп комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.

Комиссиянын ишинде ушул Регламенттин жана мыйзамдардын ченемдерин бузуулар белгиленген учурда Жогорку Кеңеш ушул маселе боюнча кайрадан комиссия түзөт.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-108)
