# 106-берене. Парламенттик териштирүү жүргүзүү үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203705)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263796..1263797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 106-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-106

---

1. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш парламенттик териштирүү жүргүзүүгө укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөргө коркунуч келтирүү менен байланыштуу болсо:

1) мамлекеттик эгемендүүлүккө;

2) улуттук коопсуздукка;

3) коомдук тартипке;

4) аймактык бүтүндүккө;

5) калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына;

6) саясий, экономикалык жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарга.

2. Төмөндөгүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиктери) парламенттик териштирүүгө жатат:

1) парламенттин контролу астындагы аткаруу бийлик органдарынын, анын ичинде Өкмөт жана анын айрым мүчөлөрүнүн;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен юридикалык жактардын;

3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын;

4) Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн иштери маанилүү болуп саналган жеке компаниялардын.

3. Парламенттик териштирүү мыйзамсыз аракеттерге карата жүргүзүлөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) "легализация", "акчаларды адалдоо" түшүнүгүнө туура келген мыйзамсыз бүтүмдөрдү жүргүзүү;

2) мыйзамсыз террордук түзүлүштөрдү колдоо;

3) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же уурдоо;

4) мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыяндарды алып келген аракеттер;

5) жана башка мыйзамсыз аракеттер.

4. Жогорку Кеңеш төмөндөгүлөрдүн жазуу жүзүндөгү негизделген демилгеси боюнча парламенттик териштирүү дайындоого укуктуу:

1) Төраганын;

2) комитеттин;

3) фракциянын;

4) убактылуу комиссиянын;

5) Акыйкатчынын (Омбудсмендин);

6) Координациялык кеңештин төрагасынын жана Улуттук борбордун директорунун.

5. Парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-107)
