# 102-берене. Жогорку Кеңештин бюджеттердин аткарылышын кароосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2017 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263812..1263813>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 102-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-102

---

1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.

Тармактык комитет тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду тиешелүү мыйзамдардын жана ушул Регламенттин жоболоруна ылайык Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин, комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Ыйгарым укуктуу орган отчеттук кварталдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирибестен бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет квартал сайын маалыматты алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине жиберет.

3. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин учурдагы аткарылышын жылына төрт жолудан ашык эмес кароого;

2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана аудит жөнүндө башка отчетторду мыйзамдарга ылайык суратууга.

4. Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунуштары боюнча белгиленген бюджеттерди учурдагы аткаруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча бул бюджеттердин аткарылышы жөнүндө атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-103)
