# 100-берене. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 100-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-100

---

1. Жогорку Кеңештин резолюциялары, декларациялары, кайрылуулары, билдирүүлөрү саясий мүнөздөгү актылар болуп саналат жана ички же тышкы саясаттын белгилүү бир маселеси боюнча анын позициясын билдирет.

2. Актынын долбоору фракция же 5 депутаттан турган топ тарабынан Төрагага берилет, ал аны кароого жооптуу комитетке жиберет. Жооптуу комитет актынын долбоору боюнча 3 күндүк мөөнөттө корутунду кабыл алат жана аны Аппараттын тиешелүү кызматына жиберет.

3. Актынын долбоору жооптуу комитеттин корутундусу менен Аппараттын тиешелүү кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышына берилет, ал аны күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Акт жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануусу, ошондой эле 3 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылуусу тийиш.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-101)
