# КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4209/edition/824658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203165

---

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-апрели № 125 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203165/st-1)

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 31-статьяда: 3-бөлүгү "дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет" деген сөздөрдөн мурда "ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары-дармек каражаттары өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль жүргүзүүнүн эрежесинде анын тизмеси толук камтылган учурда дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана мурда өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203165/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
