# 1-берене

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203164)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 192 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203164/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4208/edition/344708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203164/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу, 1-берене (26.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203164/st-1

---

"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., 3 4, 128-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Коммерциялык сырга жетүү мүмкүнчүлүгү "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.".

2. 12-статьянын 1-пункту "контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарын кошуп алганда," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203164/st-2)
