# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 185 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 185 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4205/edition/1276871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 185 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203161

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-июну № 185 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203161/st-1)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

### [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203161/st-30)

төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы адистик жана даярдоонун багыттары боюнча (бакалавриат, магистратура) окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.";

5 жана 6-бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша 6 жана 7-бөлүктөр деп эсептелсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203161/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
