# КР Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9061/edition/388532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы (03.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203158

---

КР Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ N 133 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 11-январы ПЖ №1 Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПЖ №50 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, экономикалык мүнөздөгү кылмыштарды табуу, бетин ачуу жана тергөө функцияларынын кайталанышын жоюу максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген, мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштардын экономикалык түрлөрүн табууну, алдын алууну, бөгөт коюуну, бетин ачууну жана тергөөнү ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.

3. (КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПЖ №50 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматын өзгөртүп түзүү менен байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" Жарлыгынын 1- жана 2-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчинин Кызматына жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 Жарлыгы менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын финансылык полиция Мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын финансылык ├─┬─\> полиция Мамлекеттик кызматы └───────┬───────────────────────────┘ ┌───────────────────┐ ФПМК Бишкек шаары боюнча башкармалыгы └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ ФПМК Ысык-Көл дубаны боюнча башкармалыгы └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ ФПМК Нарын дубаны боюнча башкармалыгы └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ ФПМК Ош шаары боюнча башкармалыгы └───────────────────┘ | Жетекчилик └──────────┘ ┌───────────────────┐ \<───┼───\> └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ ├─\> \<───┼───\> └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ \<───┼───\> └───────────────────┘ ┌───────────────────┐ \<───┼───\> └───────────────────┘ | ┌──────────┐ ФПМК Чүй дубаны ┌──────────┐ Борбордук дубаны боюнча ФПМК Ош дубаны ФПМК Баткен дубаны | ├─\> боюнча башкармалыгы ФПМК Жалалабат └──────────┘ башкармалыгы боюнча башкармалыгы боюнча башкармалыгы | Коллегия v | └──────────┘ аппарат |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |  |  |

v v

| ФПМК Талас дубаны боюнча башкармалыгы |  | Дубандардын райондук, райондор аралык бөлүмдөрү |
| --- | --- | --- |
