# КР 2009-жылдын 19-майындагы № 165 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 165 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4200/edition/717833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 165 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзам (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203155

---

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 19-майы № 165 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203155/st-1)

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 31-статьяда:

1-бөлүгүнүн "м" пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "м) ал мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде;"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт.".

2. 47-статьянын 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы экинчи сүйлөм алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203155/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203155/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
