# КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4199/edition/345088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203154

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 19-майы № 164 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203154/st-1)

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

13-статьяда: 1-бөлүктө:

- "Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин Мамлекеттик фондусуна" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине" деген сөздөр менен толукталсын;

- "кинематография жаатындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

3. жана 4-бөлүктөрдө "Кыргыз Республикасынын киносүрөтдокументтеринин мамлекеттик архиви" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203154/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
