# КР 2009-жылдын 19-майындагы № 163 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 163 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4198/edition/458917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 163 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзам (19.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 19-майы № 163

"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203153/st-1)

"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-беренеде:

1-бөлүктөгү "бир айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "20 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-бөлүктөгү "үч айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "150 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 6-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. 8-берененин 1-бөлүгүндө:

биринчи абзацтагы "Бир айлык акыдан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "бир айлык акысынан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 9-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203153/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203153/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн улам келип чыккан мамилелерге өзүнүн аракетин жайылтат.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
