# 1-берене

- Документ: [Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203152)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майы № 161 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203152/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4197/edition/764860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203152/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу, 1-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203152/st-1

---

"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде сумма "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген чектик суммадан ашык болсо, чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү";

2. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу банктар жана алмашуу бюролору "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашкан чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана жүзөгө ашырышат".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203152/st-2)
