# КР 2009-жылдын 19-майы № 161 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майы № 161 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4197/edition/764860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 19-майы № 161 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203152

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 19-майы № 161 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203152/st-1)

"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде сумма "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген чектик суммадан ашык болсо, чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү";

2. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу банктар жана алмашуу бюролору "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашкан чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана жүзөгө ашырышат".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203152/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
