# КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4194/edition/458838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (12.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203149

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-майы № 155

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203149/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коммуналдык" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 223-статьянын:

1-пункту "жеке" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын. 2-пункттагы "же мамлекеттин менчигинде" деген сөздөр ", муниципалдык же мамлекеттин менчигинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 227-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "ошондой эле" деген сөздөн кийин "жергиликтүү коомчулук" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 233-1-статянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жер участогу мамлекеттик муниципалдык, ошондой эле граждандык жана юридикалык жактардын менчигинде болушу мүмкүн.".

5. 233-2-статьянын 1-пункту "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдьшча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 233-13-статьяда:

1-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пункту "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

7. 250-статьяда:

1-пункту "тиешелүү" деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкарууда" деген сөздөр менен толукталсын жана "органда" деген сөз "органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункту "тиешелүү" деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун" деген сөздөр менен толукталсын жана "органдын" деген сөз "органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. 254-1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

9. 257-статьянын З-пунктунда:

биринчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацы "мамлекеттик мүлктү" жана "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "же муниципалдык", "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдьж" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203149/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203149/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
