# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203148)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 8-майындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203148/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4193/edition/855731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203148/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203148/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

"17) мамлекеттик органдын кызмат адамынын мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.".

2. 178-статьянын:

1-бөлүгүндөгү:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"(1) Жеке ишкердик кылуучуну же юридикалык жакты каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш тартуу же аларды каттоодон четтөө, белгилүү ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн укукка ылайыксыз баш тартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө, жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ошого тете алардын өз алдынчалыгын чектөө, ишкердикти жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылып жаткан жайларды карап чыгуу болбосо жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз түрдө башкача кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, -"; экинчи абзацындагы "жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө" деген сөздөр "элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "же жүз элүүдөн эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге"деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө" деген сөздөр "жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; эскертүүдөгү биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда толукталсын: "Ушул статьяда жай деп менчигинин түрүнө карабастан ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн ылайыкташтырылган офис, өндүрүштүк цех, кампа жана башка жайлар түшүнүлөт.".

3. 182-статьянын биринчи абзацындагы "коммерциялык уюм" деген сөздөр "юридикалык жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 305-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "уюмдар" деген сөз "юридикалык жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 307-статьяда:

статьянын аталышындагы "лицензиялык" деген сөз "лицензиялык-уруксат берилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "лицензиясы" деген сөздөн кийин "белгилүү иш жүргүзүүгө атайын уруксаты, квалификациялык аттестаты (күбөлүгү)" деген сөздөр менен толукталсын;".

6. 315-статьянын экинчи абзацындагы "жүздөн" деген сөз алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203148/st-2)
