# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203147)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203147/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4192/edition/1192922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203147/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203147/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 11, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1 жана 2-статьялардагы "жана алыскы" деген сөздөр ", алыскы жана жетүүгө кыйын болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "кредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлер, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

3. 3-статья күчүн жоготту деп табылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203147/st-2)
