1-берене
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 11, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1 жана 2-статьялардагы "жана алыскы" деген сөздөр ", алыскы жана жетүүгө кыйын болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "кредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлер, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. 3-статья күчүн жоготту деп табылсын.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203147/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>