# КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4192/edition/1192922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203147

---

КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 30-апрели № 148 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203147/st-1)

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 11, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1 жана 2-статьялардагы "жана алыскы" деген сөздөр ", алыскы жана жетүүгө кыйын болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "кредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлер, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

3. 3-статья күчүн жоготту деп табылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203147/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлерди, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
