# КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 147 "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 147 "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4191/edition/1192917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 147 "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзам (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203146

---

КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 30-апрели № 147 "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203146/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 517-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

2-статьяда: статья "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Юбилейлик иш-чаралар жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын демөөрчүлүк жардамынын, ыктыярдуу салымдарынын жана кайрымдуулуктарынын каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржыланышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203146/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
