1-берене
Күчүндө · 30.04.2009 редакциясы
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Пландык текшерүүлөр эпидемиологиялык маанисине жана объекттин коркунучуна жараша жылына төрт жолкуга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку эпидемиологиялык коркунучу бар объекттердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан өзгөчө учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгынын абалына жол берилбес таасиринин себебин жана булактарын табуу жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында сутканын мезгилине карабастан жазуу жүзүндөгү багыттаманы (билдирмени) албастан дароо жүргүзүлүшү мүмкүн.".
3. 14-статьянын 2-бөлүгү "ишкердик субъекттерге жумуштан тышкары учурда" деген сөздөрдөн кийин "(ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 4-бөлүгүндө каралган учурлардан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 30.04.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203144/st-1" title="1-берене - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>