# КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 135 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 135 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4187/edition/390150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 135 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203142

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 27-апрели № 135 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203142/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 97-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203142/st-22)

төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын: "Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөр (абоненттер), алардын коомдук бирикмелери, ассоциациялар жана бирликтер, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары монополияга каршы органдын жана мамлекеттик жөнгө салуучу тармактык органдардын чечимдери (буйруктары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген учурда сотко даттанууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203142/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
