1-берене
Күчүн жоготкон · 27.04.2009 редакциясы
"Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 163-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 12-статья "берилген адам" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-статьядагы "бир айлык акысынын өлчөмүндөгү айып акы төлөө түрүндө администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык же кылмыш-жазыктык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын.
"3. Табигый жана монополияга уруксат берилген субъектилер (алардын жетекчилери), аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөр (абоненттер), алардын коомдук бирикмелери, ассоциациялар жана союздар, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары антимонополиялык органдын жана мамлекеттик жөнгө салуунун тармактык органдарынын үстүнөн алардын чечимдери (буйруктары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбей калган учурларда сотко даттанууга укуктуу.".
Берененин тексти 27.04.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики «Об ограничении монополистической деятельности, развитии и защите конкуренцииЗакон · 01.08.2003 · № 164 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203141/st-1" title="1-берене - Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>