# КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4186/edition/479869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (27.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 27-апрели № 134

"Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203141/st-1)

"Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 163-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 12-статья "берилген адам" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 23-статьядагы "бир айлык акысынын өлчөмүндөгү айып акы төлөө түрүндө администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык же кылмыш-жазыктык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын.

"3. Табигый жана монополияга уруксат берилген субъектилер (алардын жетекчилери), аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөр (абоненттер), алардын коомдук бирикмелери, ассоциациялар жана союздар, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары антимонополиялык органдын жана мамлекеттик жөнгө салуунун тармактык органдарынын үстүнөн алардын чечимдери (буйруктары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбей калган учурларда сотко даттанууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203141/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
