# КР Мыйзамы 2009-жылдын 25-апрелиндеги №130 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2009-жылдын 25-апрелиндеги №130 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4183/edition/340184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Мыйзамы 2009-жылдын 25-апрелиндеги №130 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" (25.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203138

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 25-апрели №130 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203138/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын же анын аймактык органынын (алардын кызмат адамдарынын) иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203138/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
