# 1-берене

- Документ: ["Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203135)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-апрели № 127 ""Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203135/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4180/edition/340462/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203135/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 1-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203135/st-1

---

"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы алып салынсын.

2. 11-статьянын 2-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контроль органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгектин шарттарын жана аны коргоону текшерүү жана өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;".

3. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "байкалганда," деген сөздөн кийин "мыйзамда белгиленген тартипте", деген сөздөр менен толукталсын.

4. 18-статья алып салынсын.

5. 19-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүн контролдоочу мамлекеттик органдар менен бирдей укукка ээ болуучу" деген сөздөр алын салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203135/st-2)
