# КР 2009-жылдын 17-апрели № 127 ""Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-апрели № 127 ""Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4180/edition/340462/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-апрели № 127 ""Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203135

---

КР 2026-жылдын 5-июнундагы №82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-апрели № 127 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203135/st-1)

"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы алып салынсын.

2. 11-статьянын 2-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контроль органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгектин шарттарын жана аны коргоону текшерүү жана өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;".

3. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "байкалганда," деген сөздөн кийин "мыйзамда белгиленген тартипте", деген сөздөр менен толукталсын.

4. 18-статья алып салынсын.

5. 19-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүн контролдоочу мамлекеттик органдар менен бирдей укукка ээ болуучу" деген сөздөр алын салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203135/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
