# 1-берене

- Документ: [Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203134)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 14- апрелиндеги № 120 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203134/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4179/edition/607852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203134/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, 1-берене (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203134/st-1

---

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 8, 546-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 14-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте," деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 15-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү актыларды жөнөтүү;"

3. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18-статья. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн даттануу

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203134/st-2)
