# КР 2009-жылдын 14- апрелиндеги № 120 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 14- апрелиндеги № 120 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4179/edition/607852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 14- апрелиндеги № 120 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203134

---

КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 14-апрели № 120 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203134/st-1)

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 8, 546-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 14-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте," деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 15-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү актыларды жөнөтүү;"

3. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18-статья. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн даттануу

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203134/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
