# 477-статья. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203133)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-мартындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203133/st-477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4178/edition/394542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203133/st-477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 477-статья (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203133/st-477

---

органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык - эреже бузуулар жоюлганга чейин курулушту токтотуу менен жарандарга - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - эреже бузууну оңдогонго чейин курулушту токтотуу менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

17. 478 жана 482-статьялар алып салынсын.

18. 508-статья "420-422," деген цифралардан кийин "454," деген цифралар менен толукталсын.

19. 525-статьяда:

1-бөлүгүндө:

- "454-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын;

- "455-475, 477-480, 482-486" деген цифралар "455-469, 471, 474, 475, 477, 479, 480, 483-486" деген цифраларга алмаштырылсын;

2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органынын жетекчиси;".

20. 534-статьянын 1-бөлүгүндөгү "326" деген цифра "326-1" деген цифрага алмаштырылсын.

21. 541-статьянын 1-бөлүгүндөгү "454-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [476-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203133/st-476)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203133/st-2)
