# КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4176/edition/479926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203131

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 30-марты № 104

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203131/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 416-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Кыймылсыз мүлк объекттеринин сатуу-сатып алуу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт."; 510-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Кыймылсыз мүлктү белекке берүү жөнүндө келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203131/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
