# КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1324/edition/600392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (05.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20313

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-сентябры № 143 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-декабрындагы № 132 токтомуна ылайык бул токтомдун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча депутаттарын шайланган таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылёөкмөтүнүн башчысы Байтемиров Т.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 22-августундагы № 69 тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатов М.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 26-августундагы № 233-р тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышановичке Боо-Терек айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы 9-сессиясынын № 1 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 13-августундагы № 31/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 24-сентябрына дайындалсын:

- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

- Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.

2. Түп, Сокулук, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.Аргымбаевке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
