1-берене
Күчүндө · 30.03.2009 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 327-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгер келишимде башкача каралбаса, күрөө укугу күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануудан алынган натыйжаларга, продукцияга жана кирешелерге таркалат.".
2. 328-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- келишимдин тараптары;
- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы аркылуу чагылдырылышы мүмкүн;
- күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы сыпаттамасы;
- кыймылсыз мүлктү же катталууга тийиш болгон мүлктү күрөөгө койгон учурда - мындай мүлктү күрөө коюучуга таандык кылуучу укук, укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда аныкталчу башка шарттарды көрсөтүү менен.
Тараптар күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кайсынысында жайгаша тургандыгы тууралу көрсөтмөнү күрөө жөнүндө келишимде кароосу керек. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса, бул күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.".
3. 331-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацындагы "өткөрүп берип жатканда тараптар макулдашкан акчалай наркына салыштырганда" жана "ал эми мындай макулдашуу болбогондо -" деген сөздөр алып салынсын.
4. 332-статьянын 1-пункту "киреше алууга укуктуу" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, аларга карата да күрөө укугу колдонулат." деген сөздөр менен толукталсын.
5. 334-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
Берененин тексти 30.03.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203129/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>