# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 92""Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 92""Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4173/edition/824654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 92""Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203128

---

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 28-марты № 92 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203128/st-1)

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 26-бөлүк менен толукталсын: "Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура."; 30-бөлүк алып салынсын.

2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.".

3. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11-статья. Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо

Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".

4. 18-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;".

5. 22-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты өнүктүрүү;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203128/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
