# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4171/edition/809642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203126

---

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 28-марты № 90 Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203126/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 70-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

2. 101-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Бажы кампаларынын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

3. 320-статьяда:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыктары менен товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат."; 5-пункттан кийин "1." жана "2." сандары тийиштүүлүгүнө жараша "6." жана "7." сандарына алмаштырылсын; 9-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бажылык кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, бажы органынын кызматкери тарабынан кароонун актысы эки нускада түзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203126/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203126/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
