# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4169/edition/809638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203124

---

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 27-марты № 86 Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203124/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5,420-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203124/st-358)

төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Бажы органдарынын карамагында турган жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен сакталуучу башка сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203124/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
