1-берене
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
"Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жыл, 12-август, № 59-60) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1-беренеге: беренедеги "илимий максаттар үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", балык корлорун кайра өндүрүп чыгаруу" деген сөздөр менен толукталсын; берененин 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмун менен толукталсын: "Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктын чийки зат корлорунун абалы үчүн жыл сайын илимий, ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү жолу менен балык корлорунун сакталышына жана көбөйүшүнө тыюу салуулардын таасирине баа берүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн суу көлмөлөрүндө балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого мораторийди колдонуу мезгилинде балык ресурстарын коргоо жана кайра өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат".
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 191 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203118/st-1" title="1-берене - "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>