# КР 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 ""Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 ""Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4163/edition/803634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 ""Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203118

---

КР 2017-жылдын 24-майындагы № 88 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 3-марты № 73 "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203118/st-1)

"Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жыл, 12-август, № 59-60) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1-беренеге: беренедеги "илимий максаттар үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", балык корлорун кайра өндүрүп чыгаруу" деген сөздөр менен толукталсын; берененин 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмун менен толукталсын: "Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктын чийки зат корлорунун абалы үчүн жыл сайын илимий, ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү жолу менен балык корлорунун сакталышына жана көбөйүшүнө тыюу салуулардын таасирине баа берүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн суу көлмөлөрүндө балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого мораторийди колдонуу мезгилинде балык ресурстарын коргоо жана кайра өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203118/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
