# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/203114)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-февралы № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203114/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4159/edition/457551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203114/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу, 1-берене (25.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203114/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 224-статьяда:

статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "224-статья. Айдоочулардын белгиленген тартипте катталбаган, өз алдынча алып салган, стандарттык эмес, окулбай турган, башка нерселер менен атайын жабылып коюлган, Мамлекеттик желек түшүрүлгөн жери тешилген же жасалма номерлик белгиси бар, ошондой эле мамлекеттик номерлик белгини бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги түшүрүлгөн жери көзөлгөн транспорт каражаттарын башкаруусу"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги түшүрүлгөн жерге мамлекеттик номерлик белгини бекитүү үчүн жасалган көзөнөгү бар транспорт каражатын айдоо - бир эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203114/st-2)
