# КР 2009-жылдын 24-февралы № 63 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-февралы № 63 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4158/edition/457542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 24-февралы № 63 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203113

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 24-февралы № 63

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203113/st-1)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 84-статьянын аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "84-статья. Кызматкерлердин профсоюздук уюмунун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органынын алдынала макулдугу менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу Ушул Кодекстин 83-статьясынын 2-пункту, 3-пунктунун "б" пунктчасы, 5-пункту, 6-пункттун "г" пунктчасы боюнча профсоюздук уюмдун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрү болуп саналган кызматкерлерди ошол уюмдагы кызматкерлердин тиешелүү профсоюздук уюмунун же болбосо башка өкүлчүлуктүү органынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иштен бошотууга жол берилбейт. Жамааттык келишим менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга профсоюздук уюмдун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органынын алдынала макулдугу талап кылынуучу иштен бошотуунун дагы башка негиздери каралышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203113/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203113/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
