# КР 2009-жылдын 17-февралы № 53 ""Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-февралы № 53 ""Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4155/edition/457476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-февралы № 53 ""Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203110

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-февралы № 53

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203110/st-1)

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьянын 4 жана 21-бөлүктөрүндөгү "мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 6-статьядагы "тартипте медициналык" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү" деген сөз менен толукталсын.

3. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт.".

4. 20-статьянын 3-бөлүгүндө:

"мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, областтык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 54-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттары.".

6. 60-статьянын 1-бөлүгүндөгү "республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана милдеттүү" деген сөздөр "базалык мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203110/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
