# 3-7-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу

- Документ: ["Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203109)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-февралы № 52 ""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-3-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4154/edition/457472/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 3-7-статья (17.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-3-7

---

программасын каржылоо Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу минималдык стандарттардын негизинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

6. 25-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүүгө жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

- медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөйт";

2-бөлүк алып салынсын.

7. 26-статьянын 2-бөлүгүндө:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ага Медициналык камсыздандыруу фонду өткөрүп берген ыйгарым укуктарды (иш-милдеттерди) жүзөгө ашырат;"; үчүнчү абзац алын салынсын.

8. 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Медициналык камсыздандыруу фонду ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын (иш-милдеттерин) өзүнүн аймактык башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.".

9. IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 30-1-статья менен толукталсын:

"30-1-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген органдын жоопкерчилиги Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган Медициналык камсыздандыруу фондуна базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу үчүн каражаттардын өз убагында эмес жана толук эмес которулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.".

---

Мурунку берене: [3-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-3-6)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-2)
