# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203109)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-февралы № 52 ""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4154/edition/457472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203109/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (17.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-1

---

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:

- базалык (базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу);

- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);

- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).".

3. 3-статьянын 3-бөлүгүндө, 7-статьянын 4-бөлүгүндө, 10 жана 11-статьяларда "Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы" деген сөздөр алып салынсын.

4. 3-статьяда:

статья төмөнкүдөй редакциядагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган, - Медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну каржылоо жагында аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: "Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы - жабдуучу-берүүчүлөр Камсыздандыруучу (Бирдиктүү төлөөчү) менен келишимдердин негизинде медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүсүнүн, дары-дармек менен камсыздоосунун көлөмү жана шарттары.".

5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 бөлүм менен толукталсын:

"1-1 бөлүм Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу

---

Кийинки берене: [3-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203109/st-3-1)
