1-берене
Күчүндө · 17.02.2009 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:
- базалык (базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу);
- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);
- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).".
3. 3-статьянын 3-бөлүгүндө, 7-статьянын 4-бөлүгүндө, 10 жана 11-статьяларда "Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы" деген сөздөр алып салынсын.
4. 3-статьяда:
статья төмөнкүдөй редакциядагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган, - Медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну каржылоо жагында аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: "Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы - жабдуучу-берүүчүлөр Камсыздандыруучу (Бирдиктүү төлөөчү) менен келишимдердин негизинде медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүсүнүн, дары-дармек менен камсыздоосунун көлөмү жана шарттары.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 бөлүм менен толукталсын:
"1-1 бөлүм Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
Берененин тексти 17.02.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203109/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>