# КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 47 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 47 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4153/edition/457438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 47 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203108

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-февралы № 47

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203108/st-1)

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-6.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 13-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "д" жана "е" пунктчалары менен толукталсын:

"д) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга эсептик көрсөткүчтүн 150 пайызы өлчөмүндө;

е) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 пайызы өлчөмүндө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203108/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
