# КР 2009-жылдын 29-январындагы № 34 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-январындагы № 34 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4151/edition/457366/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 29-январындагы № 34 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203106

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 29-январы № 34 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203106/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 16-статьянын 1-пунктунда: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- тышкы жарнакка чыгууга;"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- саат 7ден 22ге чейин менчигинин түрүнө карабастан радио жана телекөрсөтүүдөн чыгууга;"; үчүнчү-он бешинчи абзацтар тийиштүү түрдө төртүнчү-он алтынчы абзацтар деп эсептелсин; онунчу абзацтагы мамлекеттик тилде баяндалган "таратылууга;" деген сөз "таратылууга тийиш эмес" деген сөзгө алмаштырылсын; он алтынчы абзац алып салынсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203106/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
